Menu

Максат Сабиров, ЖК депутаты: “Өкмөт кышкы жана жайкы туризм боюнча отчёт бериши керек”

Бөлүшүү:

Өкмөт кышкы жана жайкы туризм боюнча отчёт бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров айтты.

“Май айында күн тартибине эки токтомдун аткарылышы тууралуу маселени коюу керек деп айткам. Ысык-Көл облусунун кышкы жана жайкы туризм боюнча эки токтомду тең өкмөт отчёт берип койсо. Биз өкмөткө кандай иш чаралар жүргөнүн, Каркыра посту боюнча, ошондой эле жайкы пансионаттардагы видео көзөмөлдөр боюнча жана башка бир топ иштерди аткаруу боюнча бергенбиз. Бул маселени күн тартибине киргизип коюуну сунуштайм”, – деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул маселе тийиштүү комитетте каралышы зарыл экенин айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: