9-июнда Казакстандын Алматы калаасынын акимчилигине турак жай, бала бакча, жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылып ондой аял барышты. Аларды күзөтчүлөр имаратка киргизген жок.
Он баланын энеси Гүлмира Алижанова социалдык турак жайды тезирээк берүүнү, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын бала бакчага кезексиз алууну, иш ачуу үчүн көп балалуу энелерге кайтарымсыз каржылай жардам берүүнү сурап жатышканын билдирди.
Нааразы тарап менен калаанын Медеу районунун акими Султанбек Макежанов жолукту. Маселе чечилген жок.
Ошол эле маалда баш калаа Нур-Султанда жыйырма чакты аял эки күндөн бери Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында “үнсүз” акция өткөрүп жатат. Алар министрликтин алдында түнөшкөн.
Казакстанда көп балалуу аялдардын нааразылыгы былтыртан бери уланып келет. Алардын акцияларынан соң бийлик көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү ар бир бала үчүн 21 миң теңгеден жөлөкпул төлөп берүү чечимин кабыл алган. Кийин “жардам сурагандар көп болгонуна” байланыштуу эрежелер өзгөрүп, жөлөк пул кыйла кыскарган. Жыл башынан тарта жөлөкпул жакыр деп таанылган гана үй-бүлөлөргө берилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ