Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, “Кыргызстан” саясий партиясы КРнын Жогорку Соту аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу чечимине каршы ниеттенүүдө.
Анын айтымында, Бишкек административдик сотуна БШКнын шайлоону жараксыз деп тапкан чечимине нааразычылык билдирилген. Ошурахунованын айтымында, Административдик сот арыз берүүнүн бардык мөөнөттөрү өтүп кетти деген жүйө менен аны кароодон баш тарткан. Ошурахунова “Кыргызстан” партиясы Жогорку Сотко кайрылгандыгын белгиледи.
Жогорку Соттон журналисттерге кабарлагандай, 2020-жылдын 15-октябрында эртең менен, биринчи инстанциядагы соттук актыларга карата шайлоо талаштары боюнча жогорку сот органынын өндүрүшүндө кассациялык даттануулар жок.
Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки саясий окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан документке кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ