Бишкекте жакынкы күндөрү кинотеатрлар жана фуд-корттор иштей башташы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кинотеатрлар жана фуд-корт 19-ноябрдан тарта ишин жандантышы күтүлүүдө.
Эске салсак, ушул жылдын март айынын аягынан бери коронавирус пандемиясынын кесепетинен кинотеатрлар менен театрлардын, соода борборлорунун жана балдар аянтчаларынын иши токтотулган. Убакыттын өтүшү менен айрым чектөөлөр алынып салынды, бирок кинотеатрлардын ишине тыюу салынган бойдон калды. Кинотеатрлардын ээлери шаар мэриясына жана республикалык штабга алардын иштешине уруксат берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ