Кечээ, 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, илим, билим жана маданият комитетинде “Өнүгүү” фракциясынын депутаты Икрам Тазабеков иштеп чыккан мыйзам каралып, анда кыргыз жарандарына жума намаз күнү 2 сааттык түшкү тыныгуу берүү нормасы сунушталган эле. Бул сунушту 3 депутат колдоп, СДПКчы Жанар Акаев баштаган 6 депутат каршы чыгып, өткөрбөй коюшкан. Буга нааразы болгон Чубак ажы Жалилов бүгүн, 7-июнда атайын билдирүү жасады.
Булак: “Насаат медиа”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ