Кыргызстанда 12-майда бийликке келебиз деп жарыя кылып жаткан Россиячыл “Элдик парламент” бирикмесинин теңтөрагасы Бекболот Талгарбековдун “Искра” басылмасына берген интервьюсунан:
— Айтмакчы, УОКтун лидерлери Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровдун камалышына кандай карайсыздар?
— Жеке өзүм экөөнү тең мекенин туу туткан, элге ак кызмат өтөй турган азаматтар деп билем. Менимче, алар 2010-жылдагы оппозиция лидери Атамбаевдин жолуна түшүп, “бийликти басып алса болот” деген жалган ойго жетеленишкен окшойт. Бирок “Элдик парламент” ал эки азаматты жакында бошотуп, алардын ордуна Икрамжан Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков, Тургунбек Кулмурзаев, Фарид Ниязов сыяктуу жамы журтка жек көрүндү “азаматтарды” отургузганга бардык аракетти жасайт.
— Ал “азаматтар” менен чогуу Атамбаев өзү да отуруп калбайбы?
— “Элдик парламент” жана “мекенчил достор”, Атамбаев отставкага кетээри менен, жаңы бийликке Россиядан үлгү алып, Башкы прокуратурадан бөлүп, өз алдынча Тергөө комитетин түзүүнү сунуштайбыз. Анткени, Атамбаевге жана анын үзөнгүлөштөрүнө жүздөгөн ири кылмыш иштери ачылуусу күтүлүүдө. Антпесе, Башкы прокуратура эки-үч жыл башка иштерди кароого чолоосу келбей калышы мүмкүн. Негизинен, жаңы Тергөө комитети акыркы алты жылдагы ири баскынчылык, каракчылык, коррупциялык иштерди калыс жана мыйзам чегинде алып баруусу зарыл.
Булак: Искра
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ