Menu

Оппозициянын дагы бир кадамы… 24-мартта Ошто оппозиция өкүлдөрү курултай өткөрүүнү пландаштырууда

Бөлүшүү:

Аны уюштуруу демилгесин «Эл үнү» саясий кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров көтөрүп чыккан. Маалыматка караганда курултайда учурдагы саясий-экономикалык, социалдык маселелер көтөрүлүп, азыркы бийликтин тагдыры талкууга алынат. Муну «Улуттук оппозициялык кыймылдын» мүчөсү Равшан Жээнбеков дагы тастыктады.

Курултай өткөрөлү деп Азимбек Бекназаров сунуш берип биз колдодук. Ага областардан делегаттар келип катышат. Ошондой эле ушундай жыйындар мындан ары башка аймактарда дагы уланмакчы.

Боло турчу курултайга оппозициячыл көз караштагы бир топ саясатчылар чакырылган. Алардын арасында Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бегалы Наргозуев сындуу саясатчыларды өзүнө камтыган «Бирдиктүү оппозициялык күч» саясий кыймылы дагы бар экени айтылган. Бирок, азырынча Ошто боло турчу жыйындан кабары жок экенин билдирген Мадумаров эгер курултайга катышууга сунуш түшсө ойлонуп көрөөрүн жашырган жок.

Мен Моквадан кечээ эле келдим эч ким менен жолугуша элекмин. Эгер курултайга чакыруу болсо аны карап көрөбүз.

Акыркы учурда оппозиция өкүлдөрү баш кошуп, күч топтоо аракетин көрүшүүдө. Бирок, алардын биригүүсү ар кандай жоромолдорду жаратууда. Айрымдар муну бийликке жетүүнүн бир ыкмасы катары бааласа, кээ бирлери өлкөдөгү саясий-экономикалык абал алардын биригишине шарт түзгөнүн айтып келишет. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков оппозициянын акыркы аракеттерин мындайча баалады.

Албетте, саясатта эч ким жөндөн-жөн эле бириге койбойт. Оппозияциячыл саясатчылардын баш кошкону бул өзүлөрү бийликке коюп жаткан талаптарды аткаруунун арты менен бийликке баруу аракети. Бирок, эң негизгиси алар бийликке жетүүнүн кандай жолун тандашаары маанилүү. Бүгүнкү күндөгү бийликтин ишин сынга алып, экономикалык оор кырдаалды бетке кармап барышабы же элге эртеңки жашоону түптөп кетүү сунушу менен алдыга кадам таштайбы бул өтө маанилүү жагдай.

Кыргызстанда бийликке тең ата боло турчу оппозиция жок экенин айткандар арбын. «Бирдиктүү оппозициялык күч» кыймылынын түзүлүшү менен оппозиция жанданганы байкалганын саясий серепчилер билдиришүүдө.
Булак: maralfm.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: