Menu

Тажикстанда студенттерди да аскерге алып кетишүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстанда өткөн аптада жазгы аскерге чакыруу башталды. Мурдагы жылдардай эле бийлик уландары көчөдөн кармап кетүүнү улантууда. Бул сапар Искусство институнун 10 магистранты да күч менен аскерге жөнөтүлдү.

Магистранттардын ата-энелери «Аскер кызматы жөнүндө» мыйзамга ылайык, алардын балдары окуу маалында армияда кызмат өтөөдөн бошотулушу керек экенин билдиришүүдө.

Курбон Бобомуродов студент гана эмес, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу. Мыйзам аны аскерге чакырууга жол бербейт.

«Ал эжемдин үй-бүлөсүн жалгыз баккан бала. Эми алар кантип жашай турганы түнүксүз. Биз укук коргоо органдарынан байкуш үй-бүлөнү коргоп калууну сурабыз»,– деди магистранттын таякеси Лутфулло Тоиров.

Тажикстандын Коргоо министрлиги адаттагыдай эле аскерге жигиттерди топтоо үчүн атайын рейддер жүрүп жатканын четке какты. Министрлик өлкөдө мекен үчүн кызмат өтөөнү каалаган ыктыярчылар көп деп эсептейт. Жогорку окуу жайлардын студенттери окуу маалында аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү эмес экенин да тастыктады.

«Чакыруу резервин 18ден 27 жашка чейинки 400 миң киши түзөт. Алардын ичинен 100 миңи аскерде кызмат өткөөдөн бошотулган. Алар – жалгыз балдар, өлкөдөн чыгып кеткендер жана студенттер»,– деди министрликтин басма сөз борборунун башчысы Фаридун Махмадализода.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Жалпы аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясын январдын аягында жактырган. Ага ылайык, жыл сайын аскер курагындагылардын 10% армияга чакырылат. Калган жарандар акча төлөп, бир ай кызмат өтөгөндөн кийин аскердик билет алышса болот.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: