11-мартта Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Алардын айтымында, 27 жаштагы келин табигый жол менен үч эм төрөгөн. Биринчи ымыркайдын салмагы 1 кг 360 грамм, экинчисинин салмагы – 1 кг 280 грамм, үчүнчүсү – 1 кг төрөлгөн.
“Үч эм дээрлик бир ай бою перинаталдык борбордо болушкан, алар медайымдардын кароосунда болуп, симптоматикалык дарылоодон өтүшкөн. Бүгүнкү күндө балдардын абалы канааттандырарлык, 9-апрелде ымыркайларды үйүнө чыгарууга даярданып жатышат”, – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ