Menu

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өнөктүгүн өткөрүү үчүн Баткен облусунда референдумга карата 218 шайлоо участкалары, ал эми  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 201 шайлоо участкалары ачылып,  өз ишмердүүлүктөрүн башташты.Бул тууралу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Облус боюнча референдумга шайлоочулардын саны 300500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 279875 шайлоочу, добуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзөт.

Облуста  27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өтүүдө.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандатка  56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандатка 1633 талапкерлер  ат салышууда.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык шайлоо участкаларында санитардык талаптарга ылайык шарттар түзүлгөн.

Бул күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого жалпысынан 882 ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: