Бүгүн, 15-апрелде Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратын аялдардын тобу басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жатышат.
Маалыматка ылайык, алардын колдорунда бензин куюлган бөтөлкө жана газ баллондор бар. Аялдар акцияга насыясын төлөй албаганы үчүн чыккан. Насыясын төлөй албагандар үйлөрүн алдырып жиберебиз деп коркушууда. Алар бир нече күн катары менен Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн алдында турганын, бирок бийликтин бир да өкүлү чыкпаганын айтышты. Бийликтин көңүлүн буруу үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болушкан.
Окуя болгон жерге өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун акими жана милиция кызматкерлери келип, облустун башчысы аялдар менен терезе аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок, алар сүйлөшүүгө макул болбой, премьер-министрдин келишин талап кылышты.
Учурда Пригородный айыл өкмөтүнүн имараты курчоого алынып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракети көрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ