Бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого “Азаттык Медианын” журналисттик иликтөөсүнүн материалдары, анын ичинде Дубай Эмиратында Р.Матраимовдун кымбат баалуу мүлкү бар экени тууралуу маалыматтар негиз болгон.
Буга байланыштуу Райымбек Матраимовго жана анын үй-бүлөсүнө таандык делген кыймылсыз мүлктөр, активдер тууралуу расмий маалыматтарды алуу үчүн КМШ, Европа өлкөлөрүнө, Түркия жана Дубай шаарындагы компетенттүү органдарга кайрылуулар жолдонгон. Расмий органдардан алынган документтерде Р.Матраимов жана анын үй-бүлөсү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганын далилдеген фактылар табылган жок. Буга байланыштуу ага карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу чарасы жокко чыгарылган.
Муну менен бирге Райымбек Матраимов 20 млн сомго бааланган жалпы аянты 232,3 чарчы метрди түзгөн батирин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ