Menu

Сөз эркиндиги коркунучта!

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары Ош чөлкөмүнүн жаштары менен жолугушту. Маңдай-тескей сүйлөшүүнүн жүрүшүндө калктын активдүү катмары президент Сооронбай Жээнбековдун корупцияга каршы күрөшүн ачык кубатташаарын, бирок, бул аеосуз таймашта бийликке кесипкөй жана мекенчил кыз-жигиттерди байма-бай тартуу зарылдыгын дагы баса белгилешти.

Айбек ТАГАЙБЕК уулу, жаш активист, Кара-Суу шаары:

– Эгемендүүлүккө жеткенибизге мына жыйырма жылдан ашты. Жаштарыбыз дагыле көңүл сыртында калып келатат. Ишенчээктигибизден куп пайдаланышып, бийликтегилер 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде бизди каалагандай калчашты. Тилекке каршы, биздин ошогездеги мээнетибизди жана үмүтүбүздү акташкан дагы, баалашкан дагы жок! Ошону үчүн мындан ары коомубуздун туруктуу өнүгүшү үчүн жалаң жаштар бийликке тартылганы оң. Биринчиден, алар коррупциядан алыс. Экинчиден, таза гана иштеп беришет.

Айбек ТААЛАЙБЕК уулу, коомдук активист:

– Кайдыгерлигибиз түбүбүзгө жетип олтурат. Мунун кесепетинен туңгуюкка жана депрессияга кептелдик. Сөз эркиндиги накта коркунучта! Чындыкты бетке айтсаң, же жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласаң, акыры баары бир соттолосуң. Ошондуктан, мындай зордук-зомбулукка каршы тегиз көтөрүлүүгө убакыт жетти, замандаштар!

Сонунбек ЖУНУСБАЕВ, коомдук ишмер:

– Президентибиз Сооронбай Жээнбеков деле жаны таптакыр кашайганынан улам Өкмөт мүчөлөрүн Коопсуздук Кеңешинде ачык сындабадыбы. Ал ошол эле кезде чечкиндүүлүк кылып, бир катар министрлерди жана Баш Прокурорду жумушунан дароо бошоткондо, элдин дагы сообуна калмак. Неткен күндө дагы өлкөбүздө коррупцияга каршы ачык күрөш жарыяланды. Ушунусуна дагы шүгүр! Эми баарыбыз тең Ажобузду тегиз колдоп-кубаттап, бир майданга бириксек, эл дагы бизди сөзсүз ээрчийт. Көпөстөрдөн жана көпкөндөрдөн дал ушинтип гана кутулабыз.

Назима АЛМАЗБЕКОВА, жаш активист, Ош шаары:

– Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешовдун сөз эркиндигин чектеген мыйзамы кокусунан кабыл алынып калса, өлкөбүздө демократия тирүүлөй жерге көмүлөт. Ошону үчүн президенттин колдоосуна сөзсүз муктажбыз. Сооронбай Шарипович – такшалган жетекчи. Буга жол бербейт деген терең ишеничтебиз! Ошентип, Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары, ошондой эле активисттери Ош облусунун шаар-райондорун чекесинен кыдырганга аттанышты. Алар жарандар арасында сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жараянын жандандырышмакчы.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: