Menu

Бишкек шаарында COVID-19дун өсүшү байкалууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-ноябрга карата Бишкек шаарында 21713 COVID-19 учуру катталып, анын ичинен 10 852 учур лабораториялык тастыкталды, 10 861 учур клиникалык жана эпидемиологиялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу мэрияда өткөн жыйында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, катталган 10852 учурдун ичинен 212 сырттан келген, ал эми 10640ы байланыш аркылуу жуккан. Байланышкан адамдардын ичинен 4267 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

“Коронавирустун лаборатория тарабынан тастыкталган 10 миң 852 учурунун ичинен 2059 адам туруктуу эмес даректерде жашашат. 9 миң 62 адам шаардын даректеринде жашашат”, – деди ал.

Кундашевдин айтымында, борбор калаада оорунун өсүшү байкалууда. Ошентип, 12-октябрдан 10-ноябрга чейин 1055 учур катталган. Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 10 миң 852 учурдун ичинен 5848 (53,8%) аялдар, ал эми 5004 (46,2%) эркектер болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: