Кара-Суу районунун Кенжекул айылында январь айынан тартып, өлүм-житимде сарпталуучу ашыкча чыгымдарга чектөө киргизилип, иштей баштады. Аны демилгечи тарап тыкыр текшерүүдө. Бул тууралуу демилгечи Сапар Досонов өзү билдирди.
“Айылыбызда өлүм-житимдерди катуу көзөмөл кылып жатабыз. Демилгени айылда жыйын өткөрүп сунуштадык. Көпчүлүктөн колдоо таап ишке ашырылып жатат. Айыл өкмөт да колдоп, көмөк көрсөтүүдө,”-деди Досонов.
Кенжекул айылында жалпы 430 кожолук бар, ал эми калкынын саны 3300гө жакын. Демилгечинин айтымында, чектөө киргизүүнүн максаты – керексиз чыгымдарды жок кылуу болуп эсептелет.
Кенжекул айылында маркумду узатуудагы тыюуулар;
• Адам каза болгон үйдө алыс, жакындан келгендер үчүн 1 майда жандык (кой) союлуп, 10 кг күрүч жумшалсын.
• Маркумдун жакындарына кийим кийгизүүгө тыюуу салынат (костюм, желек, калпак, көйнөк, жоолук).
• 63 жаштан өткөн тургундарга гана дастаркондон даам татууга уруксат.
• 63 жашка чейинкилер куран окуп, жаназага бара беришет. Дастаркондон даам татууга тыюу салынат.
• Казан башында кызмат кылгандардын саны чектелүү болсун.
• Маркумдун ар бейшембелиги өткөрүлбөйт, жандык союлбайт.
• Маркумдун 40 күндүгү өткөрүлбөйт.
• Маркумдун жылдыгы өз туугандары менен гана өткөрүлсүн.
• Маркумдун ар бейшембилигинде, кыркында, жылдыгында себет алып келүүгө тыюу салынсын.
• Ак кийди кийимдерди кийүүгө тыюу салынсын. Анын ордуна акчалай жардам берсин.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ