Бишкек шаардык МАИ кызматынын башчысы Шайырбек Бопонов деген жигитти мынча неге эркелетишти ыя? Ал башчы болуп келе калып эле иш бөлмөсүн ремонттоп, кымбат баалуу эмеректерди алдырып, сылаң короздонуп баштаган эле.
Бирок кайсыл каражатка деген суроо туулат? Чын эле кайсыл каражатка эмерек алып, кайсыл каражатка иш бөлмөсүнө ремонт жасады? Эски эмеректерди кайда чыгарып салды? Алардын отчету кайда? Тиешелүү органдар эмнеге иликтебей жатат. Ички коопсуздук кызматы эмнеге бул боюнча маалымат бербейт? Суроо кеп, жооп жок. Башкы МАИчи Канат Жумагазиевди да тоготпойт окшойт бул жигит. Эгер Бопонов бул темп менен кете берсе, МАИ кызматынын иши оңолбойт. Сыланып-сыйпангандын да чеги болот. Бизде кеп суроолор бар, жооп берем десе даярбыз.
Источник: Ачык Саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ