Menu

Кыргызгидромет: Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт!

Бөлүшүү:

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 3-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 1-2 мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ойдун жерлерди суу капташы мүмкүн. Арык системасын тазалоонуу сунуштайбыз. 2018-жылдын 1-мартынан 3-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка- Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2-4-мартта Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. 3-мартта күндүз жана 4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

2-4-мартта Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 3-мартта күндүз жана 4-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу

2-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 3-мартта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 4-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: