Өлкөдө кургак учук оорусуна кабылгандарды дарылоого жылына бир жарым миллиард сом керек. Бул тууралуу 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров билдирди. Анын айтымында, аталган каражаттын жарымын мамлекеттик бюджеттен берилет. «Бул каражаттын жарымы мамлекеттик бюджеттен, жарымын чет элдик донорлор аркылуу таап жатабыз. Глобалдык фонд тарабынан 2018-2020-жылдарга 12 миллион 110 миң доллар каралган. Бул каражат кургак учуктун туруктуу формаларын дарылоо үчүн дары-дармектерди алууга сарпталат. Өлкөдөгү 131 лабораторияга жардам берилет. Ал эми өкмөт тарабынан бул жылга 822 миллион сом каралган» деди Кадыров.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ