Menu

Абдраимов “аутка” кеткенин моюндабай…

Бөлүшүү:

«Карт бөрү» десе да болот, «эски малдын көзүндөй» болгон Туйгунаалы Абдраимов универсал киши. Саламаттыкты сактап ийет, башкы шайлоо өткөргүч да, ал келгенсип элчи болуп эл аралайт. Кыскасы «илибой» жерге башын тыгат. Төө куш быякта эле калат. Ушул универсал Абдраимов БШК төрагалыгынан кеткенден бери ММКларга байма-бай маек берип, бийликке таарынычы жок экендигин баса белгилеп, бүгүнкү бийликтин түз жолдо баратканын сөз кылуу менен «мени эптеп бир жерге жиберип ийбейсиңерби…» деген маанидеги сөздөрүн айтып, жогорку жакты үмүттүү карап олтурган кези. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эптеп бир жерге элчи кылып жиберсеңер деп досу президент Алмазбек Атамбаевге жуучу жиберип атыптыр. Ал кишинин Абдраимовдон таптакыр көңүлү калганбы, «бир топ жыл саясатта жүрүп чарчады, эми эс алсын» деген сыпайы жообун узатыптыр. Аны уккан менен Абдраимов дале «аутка» кеткенин моюнуна алгысы келбей, айла-амал издеп убара. Президент досу эки күн мурун төшүнө «Даңк» медалын тагып сыйлады. Туйгун байке ушундан деле билбейби, эс ал деп атканын.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: