Menu

Фарида Карбосова, эстрада жылдызы: “Ар дайым изденүүдөмүн!”

Бөлүшүү:

Бүгүн биз маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз эстрадасынын сүйкүмдүү ырчысы Фарида Карбосова менен маек курдук.

 Айгерим: Саламатсызбы, Фарида эже! Маегибиздин башында сиз туралуу маалымат алып кетсек.

Фарида Карбосова: Саламатсыздарбы! Мен 1981-жылы 23-мартта Талас районуна араштуу Манас айылында, мугалимдердин  үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн. Үй-бүлөдө төрт биртууганбыз, эки кыз жана эки бала. Апам азыр деле мектепте балдарга билим берет.

А.: Ата-энениз мугалим болсо бала чагынызда тартиптүү кыз болсонуз керек?

Ф.К.: Мугалимдердин үй-бүлөсүндө чонойсом дагы абдан шок, айтканымдан кайтпаган кыз элемин.  Шок болгондугуман ата-энеме кошуна аялдар: “Менин баламды уруп койду…”- деп арызданып келишет эле (күлүп). Алар кеткенден кийин апаман уруш укчумун. Кичинекейимде тентек кыз болуп жүрүп чонойдум ошойт. Бирок мектепте окуп жүргөндө бардык иш-чараларга, конкурс жана аларды уюштуруу иштерине катышчумун. Мен уюштурган мааракелерди дайыма “мыкты денгээлде өттү” деп мактап калышчу. Ошентип мектеп учурунда эле чыгырмачылыка жакын, айтканыман кайтпаган кыз элемин.

А.: Мектепте көп иш-чараларга катышкан экенсиз, музыкага болгон кызыгууңуз качан башталган эле?

Ф.К.: Бала кезимен эле музыка жана бийге өтө кызыкчумун.  Музыкага шыгым бала бакчага барып жүргөндө эле билинген. Ал жакта да ырдап, бийилеп жүрчүмүн. Ал эми 9-классымда мектепте “Гүл десте” эстрадалык тобу ачылып, ал жакта солистка болуп ырдай баштагам. Бул эстрада тобу менен кошо бир жыл көптөгөн мектеп жана айылдарды кыдырдык.

А.: Сиздин чыгармачылык жолунуз мектепте эле башталган экен. Ал эми чоң эстрадага качан, кантип келдиңиз эле?

Ф.К.: Алина Жетигенова эжебиз жеке коцерти менен биздин айылга келгенде, аны менен кездешип, ага ырдап бергенмин. Анда ага менин ырдаганым жаккандыктан өзү менен кошо алып кеткен. 17 жашымда Таластагы Үч-Эмчек айылында Алина эже менен 3 күн  концерттерде ырдаганмын. Алар менен кошо концерттерде ырдап жүрдүм. Бул убакытка чейин эстрадада ырдап жүргөндүктөн анча деле толкундаган эмесмин. Ошентип Алине эже менен иштеше баштагамын.  Быйыл Алина эже менен иштешип баштаганыбызга 20 жыл болот экен.

Биринчи жолу чон эстрадага 2000-жылы Алина Жетигенова эженин жеке концертинде чыканмын. Ал Талас областындагы “40 лет” деп аталган Пик айылында болгон.  Толкундануум ошол концертте болгон. Андан сон башка кыргыз ырчылардын концерттеринде ырдай баштагам.

А.: Ырчылыр дайыма көп конкурстарга катышып, изденүүдө болушат эмеспи. Сиз дагы конкурстарга катышып турасызбы?

Ф.К.:  Алина эже менен иштешип, үйүндө жашап, Абдылас Малдыбаев атындагы опералык театрдын студиясында окуп жатканда эле конкурстарга катыша баштаганмын. Ал кезде, 2000-жыл болчу, “Нота-ринг”, “Жаштык ыры”, “Алтын микрофон” аттуу конкурстарга катышып, лауреат сыйлыктарына ээ болгонмун.  Ал жакта көп жаны нерселерди үйрөнүп, өзүмдү ырчы катары жакшы эле өнүктүргөнмүн.  2013-жылы “Кыргыз маданиятыны мыкты кызматкери” деген  төш белгисин алганмын.

Азыр жаны ырларды жаздырып, клип тартыып жаткандыктан эл аралык же чет мамлекеттик конкурстарга катыша албай жатам.

А.: Сиз шоу-бизнесте көп жылдардан бери ырдап келесиз. Сизди сүйгөн, кумир туткан, сиз менен иштешкиси келген адамдар аз эместир?

Ф.К.: Бул суроонуз мага абдан жакты (жылмайып)…  Ооба, мага: “Эже сиздин сахнада өзүнүздү алып жүргөнүнүз аябай жагат! Сиздей болгум келет, мага жардам бере аласызбы?”, дегендер күндө Wattsapp, Instagram, телефонума чалып сурап турушат. Мен алардын көнүлүн оорутпаганга аракет кылам. Ошондуктан, мен материалдык жактан жардам бере албасам да, моралдык жактан жардам береген аракет кылам. Аларга кимге аранжировкага барыш керек, кимге ырды жана обонду жаздырыш керектиги туралуу өзүмдүн кеңештеримди айтып турамын.

А.: Абдан көнүлчүл адамдырдын катарынан окшойсуз?

Ф.К.: “Жылуу сөз жыланды ийинен чыгарат”- дегендей, адамдардын көнүлүн оорутпаганга аракет кылам. Мен деле аларга окшоп кичинекей кезимде ырчы болууну кыялданчум. Жана мен күйөрмандарымды абдан сыйлайм. Алар дайыма жакшы сын пикирлерин, сөздөрүн айтып,  мени колдоп турушат.

А.: Сизден бул суроону дайыма сурап турушса керек, бирок сиздин жеке турмушунузда эмне жанылыктар болуп жатат? Бөлүшө кетесизби?

Ф.К.:  Бул суроону күндө канча адам менен жолуксам, сурап турушат. Жүрөгүмдүн ээси бар (жылмайып).  Кудайым буйруган күнү баш кошобуз. Аны менен кошо бир үй-бүлөнүн жаны бир мүчөсү болуп, жакшы эне жана жар болгум келет. Азырынча булардын баары алдыда.

А.: Сиз “күйөрмандарымды капа кылбанга аракет кылам” дединиз. Аларды кубантып жаны ыр же клип тартып атасызбы? Деги эле сиздин жаны ырларынызды качан угуп кубансак болот?

Ф.К.: Албетте, буйруса жакынкы арада уга аласыздар. Былтыр, жеке концертимде 5 ыр кошулган болчу, бирок аларды азырынча радиолорго бере элекпиз. Азыр жаны ырлардын үстүндө  иштөөдөбүз. Азыр Рамис Алиев экөөбүз эки ырдын алкагында иштеп жаткан учур. Бул жылы каттуу иштеймин деп чечкемин.

А.: Бул жылы каттуу иштеймин деп жатасыз, бул жылга пландарыныз көп ошойт?

Ф.К.: Ооба, Кудайым буйруса, сиздерди жаны жана сонун ыр, клипер менен кубандурууга аракет кылам. Алардын үстүндө иштеп жатам. Бул жылы да 2017-жылдай ийгиликтүү жылдардан болоруна ишенем.

А.: Маегиниз үчүн рахмат! Сизди ийгиликтер коштосун, жаны ырларынызды чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.

Ф.К.: Сиздерге рахмат!

Айгерим Акылбекова

Булак: “Майдан. kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: