Menu

Конгресс Кремлдин пропагандасына каршы чараларды көрүшү мүмкүн

Бөлүшүү:

Эгер Мамлекеттик департамент орусиялык пропагандага каршы активдүү аракет көрбөсө, америкалык мыйзам чыгаруучулар бул багытта атайын программа иштеп чыгып бекитиши мүмкүн. Бул тууралуу таасирдүү конгрессмендердин биринин АКШнын тышкы саясий мекемесине жөнөткөн катында жазылган.

Өкүлдөр палатасындагы сырткы саясат комитетинин жетекчилеринин бири, демократ-конгрессмен Элиот Энгел АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго кат жөнөтүп, бул багытта тиешелүү стратегия иштеп чыгууну жана аны Конгресс менен биргеликте ишке ашырууну сунуштаган.

“Андай болбосо Өкүлдөр палатасы менен Сенат Орусия жана ИМ тарабынан келип жаткан коркунучтарды токтотуу үчүн мыйзам түрүндөгү альтернативаларды издөөгө аргасыз болот”, – деп жазылган конгрессмендин катында.

Катты жазууга Мамдепартамент чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын пропагандасы менен жалган маалыматтарына каршы туруу үчүн бөлүнгөн акчанын 80 миллион долларын коротпогондугу тууралуу маалыматтын пайда болушу себеп болгон.

Мыйзам чыгаруучулар Мамдепартамент айрым маселелер боюнча Москва менен кызматташууну көздөп, анын кыжырын келтирбөөнү каалап жатышы мүмкүн деп шектенишүүдө. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун айтымында, мекеме аталган акчаны пайдалуураак болгудай колдонуу үчүн тезирээк сарптоого ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: