Menu

Кол тийбестикти алып койсо эмне болмок?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестигин алып койсо  натуура болуп каларын дайыма безилдеп келишет.  Муну спикер Дастан Жумабеков да жөн жерден суранып жибербеди окшойт? Чамасы көпчүлүк депутаттар ушул өтүнүчтү дагы бир ирет президентке эскертип койсоңуз жакшы болмок деп айгайлашса керек. Ошолордун тилегин аткарууга белсенген ЖКнын төрагасы айла жоктон ушул маселени ортого салып суранды го? Албетте, кол тийбестик ордунан козголбой эле салмактуу бойдон уютулган коргошундай кайра орноду.

Дегинкисинде кол тийбестиктин адал иштерди жасаган депутаттарга  кереги жок десек туура келет. Тилекке каршы эл өкүлдөрүнүн басымдуу катмары бизнестен келгендиктен  кол тийбестик аларга суудай зарыл болуп турат. Жел жүрүп кетсе да ошол “керемети” аркылуу сакталып калып жатышпайбы, эргулдар. Канчалаган депутаттар кир колдору менен шектүү иштерди жасагандыгы коомчулукка билинди дейсиң? Ошол эле  Дамирбектин жосунсуз иштеринен канча зыянга кептелип жүргөнүбүз ачыкка чыкты го? Арам жол менен чогултулган акчаларын тонотуп жибергендер деле эч нерсе болбогондой жүрүшпөйбү?  Күндүз ажыке болуп, түнкүсүн шойкомдуу иштерди жасаган депутаттарды деле байкоого алып  жүргөнүбүз да жалганбы?  Тойду кайкалата берип, билмексен болуп сарамжалдуулукка чакырган эл өкүлдөрүн санасак манжабыз жетпей калат.  Жойпуланганды, кошоматты куп үйрөнгөндөрдү  качан таза жолго салабыз, ташбака ак үйгө келгендеби? Мына ошолорго кол тийбестик зарыл болуп турганы калетсиз. Кыйын болушса, ак эмгеги аркылуу жашагысы келсе  анда коркпой туруп биз катары турмушун өткөрмөк. Демек, тазаланууга мезгил келди, ириде парламенттегилерди  иретке  салуу кажет.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: