Menu

Дүйшөн Керимов: Көчмөндөр оюндарынын алгачкы автору-кадимки Көкөтөйдүн Бокмуруну го?

Бөлүшүү:

– Дүйшөн байке, «Тойдун эртеси да болду…» дегендей, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына ушул багытта изилдеп, китеп жазып жүргөн калемгер катары бааңызды уксак?..

– Жакшы болду. Үлкөн өлкөлөрдүн башчылары катышканы эле канчалык зоболобузду көтөрдү. Жумгактап айтканда, эң башкысы, ийлеп-ийлеп, апогэйине жеткирип туруп, оюндарды өткөрүүнүн эмки эстафетасын Түркия өңдүү бараандуу мамлекетке узатканыбыз чоң абийир, намыс, аброй да болду.

– Эми кемчилиги да бардыр…

– Оркойгон олдоксону эле өзүң убагында жазган ажаткана маселеси болбодубу. Айрымдар ушуну кайра-кайра айтат деп күлөөр. «Ажаткана» деп атын таамай коюп алган кыргыз ушуга чейин туалет курганды да, урунганды да жакшылап өздөштүрө электиги жалган эмес. Бул уят, жанагы туризмге тушамыш болор өксүк маселе, эй! Мисалы, мен ошол көчмөндөр оюндарынын алдында казак жазуучулары менен Чолпон-Атага барып келгем. Кол жээгиндеги канжолдон ажаткана таппай баратсак Чырпыкты айылында бар экен, анысына ит да башбага албайт. Айласыз ары бак араласаң, таштандынан көңүлүң айныйт.

Эми муну мындай таштайлы, мынабу Бишкектин түштүк дарбазасындагы чек арачылардын чоң паркында бир да ажаткана жоктугун, айрыкча дем алыш күндөрү жайнаган элдин кыйынчылыгын канкакшап айтып, жазып да келатсам, ага көңүл бурган бир кыргыз бийлиги да жок. Атаңдынгөрү дүнүйө, анча муңкана бербей, кыябы келип турганда тамаша үчүн ушул оңбогон туалет маселесине байланыштуу өткөн эки окуяны эскере кетпесек болбос.

Алгачкы президент Аскар Акаев алгачкы жылдары Ала-Бука, Аксыны кыдырып келатып жолдо сый тамакта болуптур, айтор, кеч күздүн кечки иңиринде Ноокеңдин пахтазарлуу талааларына тушташ өтүп баратканда президент жанында коштоп жүргөн Жалал-Абад облусунун андагы башчысы Бекмамат Осмоновдун кулагына «Бекмамат Осмонович, туалет барбы?» деди дейт. Рация аркылуу буйрук берилип, кортеж токтойт. Эшикке чыгышат. Эшик зыркаар, этек-жеңди желпилдеткен айдарым шамал. Алп мүчөлүү Бекмамат аке Акаевди жаш баладай колтуктап жол жээгине алып чыкса, ал «Бекмамат Осмонович, туалет кана?» дебейби. Анда Бекмамат аке карсылдай күлүп, «Аскар Акаевич, ай-талаада кайдагы туалет? Тартынбай коё бере бериңиз. Падышалар заара ушаткан жер кийин мазарга айланып кетиши мүмкүн!..» дептир. Бул бир, экинчиси, кезинде Ала-Тоодон кулжа (маркополо) атууга келген америкалык миллионер чалды тээтиги алыскы Ак-Сай, Арпадан стандарт туалетке отургузуу үчүн вертолет менен атайын Нарын шаарына алып келип кетишкенин уккан элем. Кыскасы, ажаткана маданияты баарыбызды ойлондура турган маселе экендиги кашкайган чындык.

– Оюндардын маани-мазмуну жагынан кемчилик кеткен жокпу?

– Одоно катары көпчүлүккө байкалбаса да, жеке көз карашымды айтсам, Кырчында көчмөн кыргыздын «Алтын доорунан» деп театралдашкан оюн-зоок көрсөтүлдү го? Анда кыргыздардын түпкү мекени Эне-Сай, Миң-Суу өзөн-өрөөндөрү, Саян тоо деген ураан идеялар чагылдырылып жатат. Кийинчерээк коколото макталып келаткан Жусуп Мамай боордошубуздун Манастын 8 муун урпагына чейин камтыган зор көлөмдүү эпосунда да Алоокеге кыргыздарды Эне-Сайдан чаптырат. Бул жердей мына мындай күмөндүү суроо туулат: эмне үчүн биз кембагал алты эмес алтымыш, жети эмес жетимиш муун ата-баба сөөгү жашырылган, азыр өзүбүз күн көрүп, тиричилигибизди улап келаткан асыл Ала-Тообузду чанып, бакты-таалайды башка жактан издей беребиз? «Арбактар эмне дейт, жер-суунун кусуру кантет?» дебейбизби? «Ала-Тоо цивилизациясы» десе тузу кемийт беле? Биздин тарыхый да, рухий да уңгу таянычыбыз улуу Манас. Анда ак калпак кыргыз Анжиян-Аркадан чабьшып, «Алтайга, Кангайга, Кырымга, Урумга, Эреңге, Тереңге…» айдалып, тентип кеткени, өлгөндөн калганын айкөл Манас бабабыз Ала-Тоого кайта көчүрүп келгени ташка тамга басып айтьшгандай бир четибиз тиягы Енисей, бир четибиз быягы – кечээ Кырчындагы оюндарга президентибиз менен кошо барып берген Венгрия мамлекетинин өкмөт башчысы Виктор Орбандын мекени Мажарстанга чейин жеткен эмеспи…

– Акыркы суроо, «Бышкан аштын ээси көп» демекчи, азыр маалымат айдыңында Көчмөндөр оюндарынын авторун талашкандар көбөйдү…

– Түшүндүм, болсун дейли. Баары бир барып-келип эле көчмөндөр оюндарынын ээси эл – кагылайын касиеттүү, ак калпак, ак элечеги ак мөңгү Ала-Тоосуна айкалышып байыртан түптөгөн ыйык кутун ушул урматтуу күндөргө уламалап келген кыргыз эли эмеспи. Анан да мындай кең масштабдагы көчмөндөр оюн мелдешинин алгачкы уюштуруучу автору улуу «Манас» тарыхый дастанынын эң бир көркөм уңгулуу бөлүмү «Көкөтөйдүн ашын» көкөлөтүп өткөргөн Көкөтөйхандын бакмасы Бокмурун го… Бирок, кыргызды кыйладан бери көбөйтпөй, турмушунда тушамыш болуп келаткан канындагы генетикалык илдети – көралбас ичтардыгы, кенебес кайдыгерлиги, кесирлүү текеберлиги, карөзгөй кекчилдиги, терс кыял тежиктиги Бокмурун кургурдун мүнөзүндө ашкере көп болгондуктан анын аты-жөнүн тарых терс образга айлантып салды. Ушундан улам парадокс салыштыруу- экс-президентибиз Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык бийлигиндеги эң алгылыктуу ишмердиги дал ушу көчмөндөр оюну болсо, анын да ашкере менменсинүү менен жасаган-эткен кылык-жоругу, куру кыял эмоцияларга жетеленип айта бергендери да өзүн терс каарманга айлантып салганы өкүнүчтүү болду, аттиң!

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: