Menu

КУУнун ректору Канат Садыков филфактын деканы Бакытбек Жайлообаевге чара көрөбү?

Бөлүшүү:

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бакытбек Жайлообаев эки жылга жакын бул кызматка келгенден бери «эрмектегени» окуу планы болуптур. Профессор М.Жумаев декан болуп турганда кафедра башчылары талкуулап макулдашып, стандартка ылайык түзүлгөн окуу планын Б.Жайлообаев кайра-кайра оңдой берип, таанылгыс кылып өзгөрткөн.

Анын мындай «ишмердүүлүгүнө» ОМК төрайымы Н.Турдубаева кошумча болгон. Ал «деканга жакшы көрүнөм» деп отуруп, өзү иштеген кыргыз адабияты кафедрасынын кызыкчылыктарын да курмандыкка чалган. Ошонун натыйжасында кыргыз тил илими кафедрасынын сааттары ченемсиз көбөйтүлүп, башка кафедралардын окуу жүктөрү кескин кыскартылып, адистиктер боюнча керектүү предметтер окуу планынан алынып ташталган. Жакшы оңдосо мейли эле, «чала молдо дин бузат» дегендей, чала иштелген алешем окуу планында бир предметтин бир курста кайталанып окутулушу, бирин-бири кайталаган предметтер мугалимдерди даярдаган факультетте педпрактика кескин кыскартылган сыяктуу орой кемчиликтер кетирилгени айтылууда. Өткөн окуу жылында «окуу планындагы ушундай чоң кемчиликтерди оңдогула» деп катуу талап койгон университеттин окуу башкармалыгынын улук адиси Ф.Толебаеванын үстүнөн декан Б.Жайлообаев арызданып, «биз аны менен иштешпейбиз» дегенчелик кылып, тил илими кафедрасынын окуу жүктөрүнүн бөлүштүрүлүшүн Ч.Алманбетовага каратып, аны ызы-чуу менен араң бекитиптир. С.Мусаев, Т.Маразыков, Г.Телибаева сыяктуу жердештеринин «уюгуна» айланган кыргыз тил илими кафедрасынын кызыкчылыгы үчүн декан 90 жылдык тарыхы бар факультеттин башка кафедраларын садага чааптыр. Декан кафедра башчылары А.Садыков, Б.Байсабаев, К.Абакиров, Э.Акуновдор менен кеңешип, аларды оңдолгон окуу планы менен тааныштыруунун ордуна «окуу башкармалыгы талап кылып жатат» деген шылтоону айтып, алардын пикири менен эсептешпей, өзү каалагандай оңдогон окуу планына шаштырып кол койдуруп алат экен.

Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын (МАК) курамын түзүүдө декан кафедра башчылары менен макулдашпайт турбайбы. Адабиятчыларды катыштыргысы келген эмеспи, айтор МАКтын курамын жалаң тилчилерден түзүп, өткөн жылы чуу чыккан. Биз сунуш кылган талапкерлерди «министрликте компьютер тандайт» деп жооп берип нааразы болгондордун оозун жап кылыптыр. «Министрликте филологдордун баарын тааныган компьютер бар экен» дешип, эмгек жамааты ушул кезге чейин таңкалып жүрүшүптүр. Министрликтен «ошондой «кереметиңер» барбы?» деп кызыксак, андай компьютер да, программа да жок болуп чыкты. МАКтын курамы декандын катынын негизинде эле мурдагыдай бекитилет экен. Көрсө, бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн декан бүт факультетти алдагандан кайра тартпайт турбайбы. Бөлүнүп-тирешүүнүн айынан бузулган моралдык психологиялык атмосфераны оңдоонун ордуна декан өзү башында турган чакан топтун иши жүрсө болдубу? Бу жагынан алганда, камырабай басып жүргөнү кандай? Өз милдетин аткарбай ага жоопкерчиликсиз мамиле жасап, факультеттин ишин тарта албай чалмакей салып жаткан деканга университеттин ректору Канат Садыков чечкиндүү чара көрбөсө, жалпы жамаат көтөрүлгөнү калдыбы?..

Мукан Сагынов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: