Menu

Жалал-Абад облусунда КР Ички иштер министри К. Джунушалиев автоунааларды тапшыруу жана Арстанбап милиция бөлүмчөсүн ачууга катышты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын материалдык базасын чыңдоо максатында Кытай Эл Республикасынын Ош шаарында жайгашкан Генералдык консулдугу тарабынан жардам иретинде бир Мерседес Спринтер автоунаасы берилип, мындан ары да тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, анын натыйжасы катары дагы 7 кызматтык автоунаалар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына берилди.
Бүгүн 19-сентябрь күнү Ачкычтарды тапшыруу аземине Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактык күч органдарынын башчылары, ИИМдин ардагерлери, жалпыга маалымдоо каражаттырынын өкүлдөрү жана Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамы астында тапшырылды.
Автоунаалар алыскы тоолуу Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул өңдүү алыскы райондордун ыкчам жана сырткы кызматтарынаа берилди.
Кашкар Джунушалиев эки өлкөнүн кызматташуусу жанданганын белгилеп, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарында жайгашкан Генералдык консулдугуна ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата Ички иштер министрлиги да өз багыты боюнча жумуш алып барууда. Алардын бири катары областтык жана шаардык башкармалыктардан, башкы башкармалыктардан, борбордук аппараттарды оптимизациялоо менен аймактарга, жер жерлерге штаттык орундар көбөйдү. Маалымат иретинде айтсам, бүгүнкү күндө ИИМдин Борбордук аппараттан 625 бирдик штат кыскартылып зарыл, керектүү болуп жаткан, эл менен чогуу жакын иштей турган аймактык участкалык инспекторлор жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна, күзөт жана нөөмөт бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Элибизде штат кыскарды десе, туура эмес түшүнүп алышкан экен. Штаттар кыскарган жок, борбордук аппараттардагы штаттар алынып жер жерлерге берилди. Экинчиси биздин аракеттерибизди, жасаган иштерибизге коңшу Кытай Эл Республикасынан да колдоолор болуп бүгүнкүдөй саамалыкка күбө болуудабыз. Ачыгын айтыш керек, кызматкерлерге алгач шарт түзүү менен гана жумушту талап кылуу керек. Ошондуктан кызматкерлердин айлык маяналарын жогорулатуу максатында, атайын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин атайын кызмат өтөө жобосу боюнча мыйзам долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өттү. Эми Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамды 2-3-окуудан колдоп берсе, кызматкерлерибиздин социалдык колдоо пакеттери жана айлык маяна акыларынын жогорулатуусу каралган. А бүгүнкү болуп жаткан жакшылык жышааны да башкача айтканда тапшырылып жаткан жаңы автоунаалар жана Арстанбаптагы милиция бөлүмчөсүнүн ачылышы кылмыштуулукка бөгөт коюда жана калктын коопсуздугун камсыздоого өз салымын кошот деп баса белгиледи,- Кашкар Жунушалиев
Андан соң Кашкар Жунушалиев Базар-Коргон районунун жогорку зонасында жайгашкан көп улуттуу калк жыш жайгашкан Арстанбап аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ачылуу аземине катышты. Эске салсак, Кашкар Джунушалиев ушул жылдын май айында Жалал-Абад областынын баардык региондоруна барып эл менен жолугуп алардын көйгөйлөрү менен таанышып келген. Анын негизинде, Арстанбап аймагы туризмдин мекени катары каралып, бирок буга чейин ал аймактагы милиция бөлүмчөсүнүн имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу жана калктуу конуштан бир аз четте жайгашкандыгын эске алып, ИИМдин демилгеси астында жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарында жайгашкан Генералдык консулдугунун колдоосу астында Жалал-Абад ОИИБ тарабынан бир айга жетпестен тагыраагы 25 күн ичинде Арстанбап айылынын борборунан кызматкерлер жаңы имаратка жайгашты. Жаңы курулган 4 бөлмөлүү имарат зарыл болгон жабдыктар менен камсыздалып пайдаланууга берилди

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: