Menu

Ысык-Көл облусунда КР ИИМдин Коомдук кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

26-июлда Бишкектеги ЕККУнун колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы “Меридиан” пансионатында КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин көчмө отуруму болуп өттү.  Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Отурумда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын укук коргооо органдарын реформалоо тутуму жөнүндөгү” буйругу тууралуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жарандык коом менен байланышына комплекстүү баа берүү жана милициянын көчмө кабылдамасы жөнүндө маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин көчмө отурумуна Жогору Кеңештин депутаттары, КРнын ИИМдин жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун өкүлдөрү, мамлекеттик администрациянын райондук жетекчилери, облустун шаарларынын мэрлери, жарандык коом жана Ысык-Көл ОИИБнин жетекчисинин катышуусу менен өттү.

ИИМдин Коомдук Кеңешинин көчмө отурумунун катышуучулары укук коргоо органдарынын негизги милдети- коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукту жоюу экенин баса белгилешти. Биринчи кезекте, Кеңештин мүчөлөрү жарандардын кызыкчылыктарын коргоо, аларга мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылууга байланышкан тапшырмаларын аткарууга тийиш. Натыйжалуу кызматташтык андан ары өсүүнү талап кылып, аны менен бирге Кеңештин мүчөлөрүнүн активдүү иш-аракеттери укук бузууларды алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө дагы бир кадам болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын реформасынын үстүнөн парламенттик көзөмөл тууралуу суроону көтөрдү. Парламенттик көзөмөлдүн негизги жетишкендиктеринин бири – Жогорку Кеңештин демилгеси менен КРнын Ички иштер министрлигинин иш-аракеттерин башкаруу боюнча мыйзам чыгарууну анализдөө экенин белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңештин төрагасы Толкунбек Исаков жана анын мүчөлөрү ИИМдин Коомдук кенеши жарандык коомдун укук коргоо маселелерин чечүүгө арналган натыйжалуу механизмин, укук коргоо органдарынын кайсы бир чөйрөлөрүнө коомчулуктун жардамы өзгөчө керек экенин далилдеген иш-аракеттер планын көрсөттү.

Коомдук кеңештин планында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүсү, коомдук тартипти сактоого катышуу, диний экстремизм, өздүк курамга мадиний билим берүү иши көп жылдар бою ишке ашып келип, оң жыйынтыгын берүүдө. Өз кезегинде Коомдук Кеңештин төрөгасынын орун басары Шамшыбек Мамыров Ысык-Көл райондук ИИБнын милициянын көчмө кабылдамасы республикадагы эң мыкты экенин белгиледи. ЕККУнун долбоорунун алкагында ачылган милициянын көчмө кабылдамасы жыл ичинде 1000ден ашуун жарандын арыздарын кабыл алган. Жайкы туристтик сезондо жумасына бир жолу райондун 30дан ашуун айылы тейленет.

Отурумда Ысык-Көл облустук ИИБнин башчысы Октябрь Урманбетов Коомдук кеңешке ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маанилүү маселелерди чечүүгө жарандардын катышуусун камсыз кылаарын кабарлады. Көчмө отурумдагы талкуунун жыйынтыгында жарандык коом менен милициянын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир катар сунуштар кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: