Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет
Жарандарга жеңилдик кылуу максатында 2017-жылдын 18-октябры күнү Араван цемент заводунан КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 15 тонна цемент жүктөлүп, жеткирилип берилди.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 22-июнунан 18-октябрына чейин жалпы 1477 тонна цемент жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ