Menu

Жайы салкын, кышы катаал Суусамырдын тартип сакчылары: Тынымсыз аракет ийгиликке жеткирет

Бөлүшүү:

…Айтылуу Төө-Ашууну ашып, жол ката жаратылыштын кооздугуна суктанып олтуруп, белгиленген жерибизге жете келдик. Милиция бөлүмү айыл өкмөтүнүн балансында турган 4 бөлмөлүү чакан имаратта жайгашыптыр, кызматкерлер менен учурашып, ал-жай сурашкан соң ичкери кирдик. Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Жээнтай уулу Талгарт учурдагы аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы менен тааныштырып, көйгөйлүү маселелер тууралуу ой бөлүштү.

Милиция – элдин жакын жардамчысы

Деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан Суусамыр айыл өкмөтүнө Биринчи Май, Кызыл-Ой, Кайсар, Кожомкул, Суусамыр, Тунук айылдары карайт, калкынын саны 8 миңге чукул. Суусамыр өрөөнү батыштан Токтогул, Талас райондору, чыгыш жагынан Жумгал району менен чектешет. Өрөөндүн эли көбүнесе мал чарбачылыгы менен алектенип, жер иштетишет экен. «Учурда биздин аймакта кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери элдин коопсуздугун камсыздоо багытында иш-аракеттерди тынымсыз жүргүзүп келишет»,- деген Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт, көйгөйлүү маселе мал уурулук экенин белгилеп кетти. Эл арасында мал уурулуктун алдын алуу максатында такай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жыл башынан бери бир дагы мал уурулук катталбаптыр. Аны менен бирге алдамчылык боюнча 26 фактынын бети ачылыптыр. Алдамчылык демекчи, 2017-жылы Суусамыр айылына эки жаран келип, элди алдап 600 сомдон лотерея билеттерин сатып кетишет. Автоунаа, муздаткыч утуп алууну самап олтурган эл көп узабай автоунаа утмак тургай, өз акчаларынан кол жууганын билишет. Ашынган алдамчылар быйыл айылдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, иши жакында сотко өткөрүлүптүр. Ага кошумча талап тоноо, уурулук иштери да ашкерелениптир…

Учурдагы жалпы ИИОнун кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырмалардын бири эл менен милициянын мамилесин бекемдөө эмеспи. Суусамырдын тартип сакчылары бул тапшырманы колго алып, айыл өкмөтү, айыл башчылары менен маселелерди жеринде талкуулап, эл менен жолугушууларды өткөрүп келишет экен. Аны менен бирге Суусамыр өрөөнүндөгү мекеме-уюмдардын кызматкерлеринен турган командалар менен мезгил-мезгили менен футбол ойноп келишет, бул дагы болсо эл менен ынтымакты чыңдоонун бир жолу десек болчудай. «Айылда Суусамыр FM” деген радиобуз бар, ошол радио аркылуу байма-бай кабарлар, биздин билдирүүлөрүбүз айтылып турат»,-дейт бул тууралуу милициянын капитаны Жээнтай уулу Талгарт,- дүкөндөрдө, эл көп болчу жайларда милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнүн телефондору жазылып илинип турат. Эл кайсыл убакыт болбосун, милицияга байланышка чыга алат…»

Кызматтык автоунаа берилсе дейт

Райондун борборунан 100 чакырым алыстыкта турган Суусамыр айылынын жайы салкын, кышы катаал. Кыш алты айга созулуп, сууктун күчү 40-50 градуска жеткен учурлар арбын экен. Суусамыр айыл өкмөтүнө караган айылдардын аралыгы 30-40 чакырымды түзсө, милиция тейлеген аймак Ала-Белден тартып Жумгалга чейин узуну 160, туурасы 90 чакырымга созулат экен. Кызматтык автоунаалары жок милиция кызматкерлерине бул аралык, албетте, чоң көйгөйдү жаратып келери турган иш. Ага кошумча жай айында Суусамыр жайлоосуна Чүй облусунун 9 районунан малчылар жайлаганы келишет экен. Алардын коопсуздугун камсыздоо дал ушул Суусамыр айылдык милиция кызматкерлеринин түздөн түз милдети. Кайсыл бир айылдан, жайлоодон чакыруу түшсө кышкысын 40 градус суукка, жайкысын жолдун алыстыгына карабай менчик автоунаалары менен айтылган жерге барып, кырдаалдан чыгып келишкен кесиптештерибиз кызматтык автоунаа бөлүнүп берилсе деген тилектерин айтышты… Дагы бир көйгөй, милиция бөлүмү жайгашкан чакан имарат, тагыраагы үйдүн капталдарынан жарака кетип, авариялык абалда экен. Косметикалык оңдоп түзөө иштери жасалганы менен, үйдүн дубалдарынын жаракалары даана көрүнүп турат…

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып…

Суусамыр айыл өкмөтүнүн аймагында 5 орто мектеп бар. Мектептердеги окуучулардын тартибин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын бир тескөөчүсү көзөмөлдөп келет. «Айылдардын аралыгынын алыстыгынан улам биздин кызматкер мектептерди тейлөөдө кыйынчылыктар жаралып келет,-дейт милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт,- андыктан бизге бул багытта бир кызматкер бөлүнүп берилсе жакшы болмок…» Айыл эли туруктуу отурукташып калган эл, аймакта ички миграция байкалбайт. Бири-бирин жакшы таанып-билген, анын үстүнө бири- бирине тууган болуп кеткен эл көйгөйлүү маселени милицияга жеткирбей чечип алганга аракет кылышарынан кабардар болдук. Элдин күчү жетпей калган көйгөйдү кара кылды как жарып калыстык менен чечип келе жаткан дал ушул Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери. Ынтымакты туу туткан кесиптештерибиз арасында «бул сенин ишиң, мага караштуу эмес» деген түшүнүк жоктугуна ынандык, анткени кандайдыр бир чакыруу түшсө же окуя катталса, баары чогуу аттанып, маселени чогуу-чаран чечип келишет экен. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып элине кызмат өтөп келе жаткан Суусамырдын тартип сакчылары ийгиликтин изинде экени шек
жаратпайт.

Мыкты жетекчи ийгиликке өбөлгө түзөт

…Кеп арасында Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Жээнтай уулу Талгарт тууралуу айта кетпесек болбостур, анткени иштин жүрүшү көп учурда жетекчиден көз каранды эмеспи. Жээнтай уулу Талгарт 2009-жылдан бери ИИОнун катарында кызмат өтөп келет. Милициянын орто мектебин бүтүргөндөн кийин райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө жашы жете электер менен иштөө инспекциясында тескөөчү, кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер ж.б. кызматтарда бир топ жыл иштеп, иштин жүрүшүн өздөштүргөн тажрыйбалуу кызматкер. «Жаңы дайындалгандан баштап тажрыйбамды кесиптештерим менен бөлүшүп,
мурда ачылбай калган иштерине көңүл буруудан ишти баштагам. Аны менен бирге күнүмдүк иште эл менен милициянын мамилесин бекемдөөгө көңүл буруп келем..»,-деди кеп соңунда милиция бөлүмүнүн башчысы.

Ырысбүбү Сагымбаева, ИИМдин “Бетме-бет” гезитинин кабарчысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: