“Реформа” партиясынын өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча 11-апрелде өткөн референдумда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду автоматтык эсептөөнүн жыйынтыгы менен салыштырып, дал келбестиктерди аныкташты.
Мисалы, Касиет Мамырбаева Бишкектеги №1206 УШКда протоколдо 490 шайлоочу катталганын, бирок 671 жаран добуш бергенин жазып чыкты.
БШКдан түшүндүрүшкөндөй, бул оператордун катачылыгы. Анда референдум жөнүндө отчетко жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө отчет киргизилген.
Ольга Труханова белгилегендей, Бишкектеги дээрлик бардык УШКларда жергиликтүү шайлоого караганда, референдумга добуш бергендердин саны көп болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ