Menu

Депутат Иса Өмүркулов пандемияда кызмат кылып, каза болгон ак халатчандарга эстелик тургузууну демилгеледи

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, депутат Иса Өмүркулов коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп жатканына токтолуп: “Бүгүнкү күндө жалпы ооругандардын саны 100 миңге жетти. Абал дагы кыйындай тургандыгы айтылууда. Андыктан, илдетке каршы күрөшүүнү күчөтүү керек. Айрыкча, дарыгерлерге жана жалпы эле медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарыл. Муну менен катар пандемия маалында кызмат кылып жүрүп каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштайм”, – деди.

Ушул эле боюнча пикирин айткан Улугбек Садиков: “Сел келе жатса, алдына үй тиккендей абалда турабыз. Анткени илдет күчөп бара жатат. Бирок бизде эч кандай алгылыктуу чара кабыл алынган жок”, – деди.

Ал эми депутат Уланбек Исмаилов Президент менен Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып: “Ысык-Көл облусундагы “Аалам Ордо” комплексинин абалы начарлап кетти. Буга себеп, ички инвесторлорго карата колдоонун жоктугу болууда. Андыктан, комплекстин иштөөсү үчүн Өкмөт да жардам бериши бериши керек”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, жыйында депутат Айбек Осмонов жаш балдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнүн жүйө келтирип: “Жакында эле беш жаштагы наристе өгөй атасы тарабынан аёсуз сабалганы тууралуу тасма чыкты. Биздин келечегибиз балдар дейбиз. Бирок ошол балдарыбыз зомбулукка кабыл болуп жаса, келечегибиз эмне болот?” – деген суроо койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: