Бүгүн, 16-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 230 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 131, Ош – 3,Чүй облусунан – 70, Ош облусунан – 3, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 91 374 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 130 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 86 621ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 87, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 31, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 3, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1544кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ