Menu

CPJ Бишкекти шайлоодо кабарчылар кабылган басымды иликтөөгө чакырды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын бийлиги шайлоо учурунда журналисттер кабылган куугунтукту, басым-кысымды иликтеп, алардын эркиндигин жана коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) атайын билдирүү таратты.

Анда 11-апрелде добуш берүү учурунда милиция кеминде төрт журналистти кармаганы, байкоочулар бир кабарчыга кол салган учур катталганы айтылат. CPJ кыргыз бийлигин бул жагдайларды иликтөөгө, кабарчылардын саясий окуяларды эркин жана коопсуз чагылдырышына шарт түзүүгө чакырды.

“Кыргызстанда шайлоолор эркин, акыйкат жана мыйзамдуу деп табылышы үчүн журналисттер аны эркин чагылдырып, куугунтукка кабылам деп коркпошу керек”-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөн. Анын жүрүшүн чагылдырып жана байкоо салган “Клооп” порталынын кабарчыларына кол салуу болгон. Милиция бул окуяны Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен тергей баштаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: