Menu

Тажикстанда бир нече оппозиционерди терроризмге тиешеси бар кишилердин тизмесине кошушту

Бөлүшүү:

Тажикстан Улуттук банкы терроризмге тиешеси бар делген кишилердин тизмесин жарыялады. Тизмеде 1 миң 373 тажик жараны бар.

Улуттук банктын Каржы көзөмөл департаментинин сайтында терроризм менен байланышы бар делген төрт тизме бар: экөө Талибан жана Аль-Каида боюнча БУУнун резолюциясына жана эл аралык тизмеге негизделген. Дагы экөө – улуттук тизме.

Каржы көзөмөл департаменти FATF (Financial Action Task Force) сыяктуу арам акчаны адалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү тармагында эл аралык стандарттарды иштеп чыккан уюмдар менен кызматташат.

Бул тизмеде Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары бар.

Тажикстандын Ислам кайралуу жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири чет өлкөдө качып жүрөт. Эки апта мурун Интерпол Кабири кызыл белгидеги (RED NOTICE) тизмеден чийилгенин билдирген.

Терроризмге байланышы бар делген кишилердин арасында Дододжон Атовуллоев жана «24 тобунун» бир нече мүчөсү бар. Дододжон Атовуллоев Душанбе бийлигинин саясатын сындап келет. «24 тобу» чет өлкөдө иш алып барат жана өзүн тажик өкмөтүнө оппозиция деп жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: