Menu

Улукбек Мамаматаев, Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү: “Элдин үмүт чырагы өчөйүн деп калды аны жандантуу Жээнбековдун колунда”

Бөлүшүү:

– Абактагы оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдордун ачкачылык кармап жатышкандарына 20 күндөй болду. Аларды ачкачылык кармоо менен кимдир бирөөнүн кызматтан кетишин талап кылуусу туура деп ойлойсузбу?

– Бул оппозиционерлер кимдир бирөөлөрдүн эмес, конкреттүү адамдын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев жана анын командасы аларды жок жерден каралап, болбогон иштерди моюндарына илип, куугунтукка алып, камашпадыбы. Чындыгында, оппозиционерлердин күнөөсүн сот деле далилдей албады. Мындай оор берене менен айыпталган адамдын айыбын так далилдөө керек. Жаздырылып алынган үн, аракети жок эле катардагы сүйлөшүү адамдын эркинен ажыратуусуна себеп болуп бербейт.

– А эмне үчүн Сегизбаев? Коомчулукта оппозиционерди жалгыз УКМКнын жетекчиси эмес, бийлик каалап каматты, а булар бир гана Сегизбаевдин отставкасын талап кылышууда деген да пикирлер бар.

– Абдил Сегизбаевдин УКМКнын башчылыгына келүүсү менен оппозиция өкүлдөрүнө карата аеосуз куугунтук башталды. Чындыкты айткандын баары темир тор артына кетишти. УКМК аша чаап, өзүнүн функциясынан башка дагы функцияларды алып, элди коркутмайга өттү. Бир гана оппозицияга эмес, журналисттерге, укук коргоочуларга, ал турмак акындарга да “кол салды”. Эгер бул кызматтын башчысы дилинде акыйкаттыкты туу туткан адам болсо, ага жогору жактан тапшырмалар таңгакталып берилип жатса да, “биздин кызмат биринчи кезекте элдин коопсуздугун коргоо, элдин укугун сактоо”,- деп баш тартмак. Фальсификация менен адамды камоо мыйзамсыздыктын да, абийирсиздиктин да жеткен чеги экенин билип, улуттун коопсуздугун коргогон кызмат мындай жаман ишке баруусуна бөгөт коймок. Сегизбаевге нааразычылык ушул себептен күчтүү, жарандардын коопсуздугун эмес, кайсы бир тараптын заказын башкы орунга койду. Атамбаев деле президент болуп турган кезинде соттун ролун алып, камалгандар тууралуу терс пикирин билдирген. Анын айтканынан улам буйрук түздөн түз өзү тараптан болгонун баамдабай коюу мүмкүн эмес болчу. Кандай болгон учурда да, УКМК сыяктуу маанилүү кызматтын башчысы акыйкат позициясына таянып иш жүргүзүшү зарыл.

– Абакка кирип, кабар алып чыккандар Бектур Асановдун акыбалы оор деп айтышууда. Анын бул чечиминен артка кайтарууга аракет жасап көрдүңүздөрбү?

– Чындыгында, Асановдун акыбалы оордошуп баратат. Бизди киргизишпейт, бир гана адвокаттарын, жубайына гана жолуктуруп жатышат. Жакында апасы менен бир тууган таежеси да кирип чыгышты. Азимбек Бекназаров да кабар алып келди. Баргандардын баары анын ден соолугу начарлап калганын айтышууда. Анын үстүнө бир ай мурда Асанов өтүн алдырып, операция болгон. Бул да терс таасирин берип жатат. Бир гана биз эмес, жакындары, адвокаттары, коомдук, саясий иштерлер, жакын санаалаштары ачкачылыкты токтотуусун сурандык. Азимбек Бекназаров айтып келди, “Түрмөдө жатып болсо да күрөшүш керек, бирок, мындай жол менен эмес. Бул жол менен барсаң ден-соолугуңдан ажырап каласың”,- десе, Асанов: “Бийлик эч нерсени укпай калды, ошондуктан, ушул жолго бардым”,- дептир. Анын акыбалы начарлап баратса да артка кайта турган түрү жоктой. Бул баарыбызды кабатырлантышы керек. Жарандын кайсы бир талапты коюп ачкачылык кармоосу демек, ал өлкөдө мыйзамсыздыктын жетер жерине жеткендигин билдирет. Адамдын акыйкаттык табууда башка аргасы калбай калганда гана өз өмүрүн тобокелге салат. Ооба, бир гана бизде эмес, дүйнөдөгү дээрлик бардык мамлекеттерде адилетсиздик учурайт. Сот адилетсиз чечим чыгарган убактар болот. Бирок, чындык акыры жеңип чыгат да, адилетсиздикке жол бергендерге чара көрүлөт, мыйзамсыздыкка баргандар мыйзам алдында жооп беришет. А бизде чындыкка жетүү мүмкүн болбой калды. Ушул кезге чейин “мына бул сот кайсы бир тараптын тапшырмасын аткарып, мыйзамсыз өкүм чыгарган, ошондуктан эми өзү жооп берет”- деген билдирүүнү укпадык. Бектур Асановдун ачкачылыктан акыбалы начарлап жатканына бир кайышсак, өлкөбүздө акыйкаттуулуктун жиги табылбай, аны издеген адамдардын өмүрү кыл учунда илинип калаарын көрүп, заманабыз куурулуп турат.

– Бул үч оппозиционердин камалышы да табышмактуу жагдайда болду. Булар бийликке эмнесинен жазды, эмнеден улам жакпай калды деп ойлойсуз?

– Саясий иш экени маалым болбодубу. 2015-жылы камалышты, бир жарым жылдан кийин президенттик шайлоо болмок. А булар чындыкты айта башташты, президентке сын жаадырышты. Тагылган айып – бийликти күч менен басып алуу. Басып алууга аракет көрүштүбү, элди көчөгө чыгарыштыбы? Айткан сөзүн коштогон кыймыл-аракет болгондо гана ошондой беренени жабыштырышса, ишенимдүү болмок. Асанов жана Кадыров менен жакшы санаалашмын, жакындан билем, абдан принципиалдуу адамдар. Убагында өлкө үчүн маанилүү кызматтарды жетектеп, өнүгүүгө, алдыга жылууга өздөрүнүн салымын кошушкан. Бектур Асанов спорт жаатын жетектеп турган кезде биздин спортчулар олимпиадалардан экинчи, үчүнчү орундарды алып келип турушкан. Бул Асановдун түздөн түз эмгеги болчу. 2010- жылдагы революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн катарында, Жалал-Абадга губернатор болуп, стабилдүүлүк орношуна салымын кошкон. Мындан улам, чогуу революция жасап, андан кийинки татаал кырдаалдарда эмгегин, акылын, дараметин пайдаланып алып, кереги тийбей калган учурда чындыкты айтканы үчүн кутулууну көздөп, каматып салгандардын кылыгына таң каласың. Кадыров ИИМ министринин орун басарлыгына чейин жетип, алгылыктуу иштерди аткарган. Карыбеков болсо энергетика жаатынын тажрыйбалуу эксперти. Анын схемалары менен бүгүнкү өкмөт да иш алып барууда. Бир кезде “биз Өзбекстансыз ГЭС кура албайбыз”,- деген болчу. Мына, эми өкмөт ГЭС курууга коңшу мамлекет менен бирикти. Айта берсе сөз көп. Бийлик өзүнө жаккан адамдардын жакшы жагын гана айтат, жаман жагы тууралуу ооз ачпайт. Жакпагандардын бир гана жаман жагын шардана кылат экен. Мындан улам бул азаматтар тууралуу коомчулукта терс пикирлер да пайда болду. Бийликтин кайсы бир адамды жаманатты кылууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. А оппозицияда андай шарт жок, ошондуктан, алардын жакшы жактарын жеткире албай отурабыз. Ушул жерден сиздердин гезитке ыраазычылыгымды билдире кетейин. Кыргызстанда чындыкты туу тутуп, кайсы бир тараптын кызыкчылыгын карманбаган маалымат каражаттары өтө аз калды. Анын бири силердин гезит.

– Саясий туткундарды коргоо Комитети оппозиционерлердин акыбалы боюнча билдирүүлөрдү жасап жатат. Билдирүүдөн башка саясий туткундардын укуктарын кандай аракеттер менен коргоп жатасыздар?

– Ар түрдүү конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүп, билдирүүлөрдү таркатып жатканыбыз туура. Мындан башкага мүмкүнчүлүгүбүз жок. Колубузда бийлик, же каражат болбосо, кандай аракеттерди көрө алабыз? Ага карабай, саясий туткундардын абалына кирип, мыйзам уруксат берген жолдор менен коргоого далалаттанып жатабыз. Бул да болсо жылыш деп ойлойм, көңүл сыртында калтырбай, коомго коңгуроо кагып турсак, адилеттүүлүк да көпкө күттүрбөстүр.

– Ачкачылыктын жарыяланганына 20 күндөй болду. Бирок, бийлик дагы деле реакция кыла элек, бул эмнени белгиси?

– Мамлекеттин жоктугунун белгиси. Мамлекет үчүн ар бир жаранынын өмүрү, укугу баалуу. Жарандарынын баарына тегиз болушу керек. Цивилизациялуу мамлекеттерде эң бир оор кылмыш жасаган кылмышкерге да көңүл бурулат. А булар кылмыш деле кылышпады. Саясаттын курмандыгы болушту. Демек, бийликке чындыкты айткан адамдын кереги жок. Тоготпогондук, жарандарын сыйлабагандык.

– Эки жылга жакын убакыттан бери эмнеге эми ачкачылык жарыялашты деп ойлойсуз? Же, жаңы президенттен адилеттүүлүк табылабы деген үмүтпү?

– Кайсы мамлекеттин калкы болбосун, жаңы президент келгенде жаңы үмүт менен жашап башташат. Бизде да бир гана абакта отургандар эмес, жалпы Кыргызстан жаңыланууну күтүүдө. Жакында президент жакшы билдирүүлөрүн жасады, коррупцияга каршы күрөштү катуулатам, акыйкатсыз иштерге аралашам деди. “Акыйкатсыздык болуп жатса эмнеге аралашпашым керек”,- деген сөзүн кубануу менен кабыл алдык. Президент жалпы элдин атасы, ага ар бир жараны кымбат болушу керек. Сот системасын реформалап, адилеттүүлүктүн үлгүсүн орнотот деген үмүт пайда болду. Саясий туткундар дагы ушундай сезимде болушту окшойт.

– Атамбаев да бир кезде коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзөөрүн айткан, жыйынтыгында ал күрөш оппоненттерине гана багытталды. Азыркы президент да ушундай ыкмага өтүшү мүмкүнбү?

– Чындап эле Жээнбеков андагы билдирүүлөрүн дилинен чыгарып, өзгөрүүнү күсөп айткан болсо, анда жакшы. А кокус мурдагы система, схемаларды колдонуп, экс- президенттин ыкмасын колдонууну кааласа, бул да тарыхта жакшы аты менен калбайт. Тарых баарын тактап, өз ордуна коеру чындык. Эл башчылары үчүн элдин нааразычылыгына кабылуудан өткөн кордук жоктугун эл бийлеген эрендер түшүнүүлөрү зарыл. Элдин үмүт чырагы өчөйүн деп калды, аны жандантуу Жээнбековдун колунда.

– Бирок, ачкачылык кармагандарга Жээнбеков деле көңүл бурбады.

– Менимче, анын көңүл бургусу эле келип турат. Бирок, жанындагы, эски бийликтен калган кадрлары, жан-жөкөрлөрү антүүгө мүмкүнчүлүк беришпей жаткандай. Көпчүлүк президенттер мамлекет үчүн иштегиси келген ниетинен жакшыны жаман, жаманды жакшы көрсөткөн жан-жөкөрлөрүнүн кесепетинен адашып калат. Азыркы президент ушуга көңүл буруп, айланасындагыларды тазалоо менен ишти баштаса жакшы болоор эле. Өзбекстандын президенти тажрыйбасы болбосо койсун, таза иштеген адам болсо өзүм үйрөтүп алам деп, кадрлардын тажрыйбасына эмес, тазалыгына басым жасап жатат. Бул туура. Тажрыйба дайым эле жакшы нерсени билдирбейт. Көп жыл бийликте жүрүп, алчы- таалчысын жеп калгандар, тажрыйбасыз кадрга караганда миң эсе коркунучтуу.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: