КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев КРнын “Жоокерлердин энелери” комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Баткен облусунун аймагында кызматтык милдетин өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин жашоо турмушу, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан камкордуктар, алардын муктаждыктарын чечүү жана коопсуз шарттарды түзүү маселелерин сүйлөшүштү.
Өмүрбек Суваналиев өз сөзүндө Баткен облусу чек аралаш, стратегиялык мааниге ээ болгон аймак экенин белгилеп, аймактын өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук керек. Баткенде, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарган, чыныгы мекенчил эр азаматтар кызмат өтөөрүн, алардын кызмат башка аймактарга салыштырмалуу жооптуу экенин белгиледи.
Ошондой эле ар бир жоокер бакубат жана коопсуз жашоого татыктуу. Кандайдыр бир өз кызыкчылыгын көздөгөн күчтөрдүн айынан, бир дагы жоокер жабыркабашы керек деди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ