Бүгүн, 25-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 298 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 144, Ош – 23, Чүй облусунан – 86, Ош облусунан – 7, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 5. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 103 000 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 314 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 96 433кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 228, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 58, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 8.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 8. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1765ке жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ