Menu

Борбор калаадагы мыйзамсыз берилген 28 миллион сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин районунда жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен баасы 28 273 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптары бузуу менен “кызыл” сызык чегинен тышкары жайгашкан, “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: