Menu

Түркмөнстанда биометрикалык паспорт алууну каалагандардын кезеги жаралды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашөгүз шаарында жүздөгөн адам биометрикалык паспортторду алуу үчүн Миграция кызматынын жергиликтүү бөлүмүнө кезекке туруп жатышат. Бул тууралуу turkmen.news басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, буга чейин чет өлкөдүк паспорт 45 күндүн ичинде даяр болсо, азыр биометрикалык паспорт алуу жол-жобосу төрт айдан ашык убакытка чейин созулуп кетүүдө.

Басылма белгилегендей, буга жумушсуздуктан жана экономикалык кыйынчылыктардан улам жергиликтүү тургундар жапырт түрдө чет өлкөлөргө иштегени кетип жатканы себеп болууда. Учурда Дашөгүздүн миграциялык кызматына кайрылгандардын тизмесиндеги адамдардын саны 500гө жетти.

Азырынча мекемеден бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстанда биометрикалык маалыматтарды камтыган чет өлкөлүк паспорттор 2009-жылы колдонууга киргизилип, 2013-жылдан тарта жарандардын жаңы үлгүдөгү документтер менен гана өлкөдөн чыгуусуна уруксат бериле баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: