Menu

Кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өтүп жаткан «Борбордук-Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин Экинчи кеңешмесинин «аянтчасында» Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Р.Казакбаев түркмөн кесиптешин 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында көптөгөн адамдардын, анын ичинде жөнөкөй жарандардын арасында курмандыктарына алып келген окуялар, ошондой эле Баткен облусундагы азыркы абал жана Кыргыз Республикасынын калкттуу конуштарынын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде Р.Мередов жаңжалдуу абалды чечүү үчүн кыргыз тарабы кабыл алган чараларды кубаттады жана Р.Казакбаевдин талаш-тартыштарды саясий-дипломатиялык ыкмалар гана менен чечүүнүн зарылчыгылы жөнүндө пикирин колдооду.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары тарабынан жогорку деңгээлде иш-сапарларды даярдоо, ошондой эле регионалдык экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Афганистандагы тынчтыкты куруу жана БУУнун алкагында көп тараптуу форматта кызматташуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери  отун-энергетика, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-түркмөн өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: