2020-жылдын 3 жана 4-ноябрь күндөрү Пакистан Ислам Республикасынын Пенджаб провинциясынын Лахор жана Гужранвала шаарларына болгон жумушчу сапарынын алкагында, Элчи Э.Бейшембиев Лахор жана Гудранваланын Соода-өнөр жай палаталарынын жаңы шайланган президенттери Миан Тарик Мисбах жана Умар Ашраф мырзалар менен жана эки палатанын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө зарылдыгын талкуулашып, ошондой эле кыргыз жана пакистандык жеке ишкерлердин ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүү зарылчылыгын белгилешти.
Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын технологияларын жана инвестицияларын Кыргызстандын айыл чарба, текстиль жана фармакологиялык тармактарда тартууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Өз кезегинде пакистандык тарап Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык байланышты бекемдөөгө терең ниетин белгилеп, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду изилдөө максатында биздин өлкөгө иш сапар менен тез арада барууга даяр экендигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ