Menu

Бишкек шаарында кайрадан күндүзгү стационарлар ачыла баштады

Бөлүшүү:

Өлкөдө жана борбордо эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева кайрадан борбор калаадагы күндүзгү стационарлардын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бардык ооруканаларда дары-дармектер жана жеке коргонуучу костюмдардын запасы даярдалган. Медициналык кыматкерлердин топтору Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык окутулат.

Ленин районунда №96 мектептердин базасында күндүзгү стационарда 30 керебет, №95 мектепте 50 керебет;

Биринчи Май районунда №81 мектептин базасында күндүзгү стационарда 40 керебет, №69 мектепте 120 керебет;

Октябрь районунун аймагында, №39 мектептин базасында 50 керебет, №63 мектепте 40 керебет;

Свердлов районунда №4 мектепте 50 орундуу күндүзгү стационар даярдалган, ал эми №65 Экологиялык-экономикалык лицейдин базасында 60 керебет жайгаштырылган.

Муниципалитет кычкылтек концентраторлору жетиштүү экендигин, керек болсо алар тез арада ооруканаларга жеткириле тургандыгын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: