Menu

Орусиялык хакерлер Германиянын өкмөтүнө чабуул жасаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Германиянын Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринин серверлери хакердик чабуулдарга кабылышкан. Бул тууралуу өз булактарына шилтеме кылып DPA маалымат агентттиги жазды.

Маалыматка караганда, бул чабуулдарга болжолдуу түрдө Орусия менен байланышы бар Fancy Bear тобу катышкан.

Хакерлер өкмөттүк түйүнгө зыяндуу программаларды киргизип, андан бир топ документтерди уурдаганы айтылууда.

Германиянын атайын кызматтары бул киберчабуулдар тууралуу өткөн жылы декабрда билишкен. Алар хакерлер аталган мекемелердин серверлерине бир жыл бою чабуул жасаган болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө. Учурда адистер алардын министрликтерге канчалык деңгээлде зыян келтиргенин аныкташууда.

Fancy Bear хакердик тобу 2000-жылдары түзүлгөн. Ал АКШнын Демиократиялык партиясынын, немис парламентинин, Франциянын TV5 телеканалынын жана НАТО өкүлдөрүнүн серверлерин бузуп киргендиги менен белгилүү. Хакерлер бир канча жолу орусиялык бийлик менен байланышы бар деп айыпталган, бирок Кремль бул айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: