Menu

Фото – Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-сентябрь күнү алгачкы жолу “Комуз күнү” Т. Сатылганов Кыргыз Улуттук филармониясында белгиленди. Салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышты. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер –министринин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты.

Өз кезегинде өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алуу, музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш чеберлердин өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле бул багытта бир катар маселелер саналып, куттуктоолор айтылды.

Эске салсак, бүгүн бул майрамдын алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: