Menu

Кинофестивалда белорус директор кыргыз калпагын кийип алып, биздин режиссерду тааныштырды

Бөлүшүү:

Жаш кинорежиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Жөө күлүк” аттуу жаңы тасмасы «Лістапад» аттуу Минскидеги 26-эл аралык кинофестивалдын негизги конкурсунун алкагында көрсөтүлдү. Бул тууралуу 8-ноябрда Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги билдирди.

Фестивалдын программа директору Игорь Сукманов кыргыз элине сыйын көрсөтүп, сахнага кыргыз калпагын кийип чыгып, элге Мирланды тааныштырып: “Мурдагы бир тууган он беш республиканын жаңы кинематографиясы менен таанышып, кайра ачып жатып, биз негизги байланышыбызды, рухий көрөңгөбүздү үзбөй келебиз. Ал эми Мирлан мыкты кинорежиссер экен”, – деди.
“Жөө күлүк” тасмасынын кыскача мазмуну:

12 жаштагы Жекшен тоо курчаган кооз шаарчада жашайт. Атасы ичет, жашоого акча жетпейт, мектептеги көйгөйлөр азабын берет. Бала апасынын кайтып келишин тилеп, үй-бүлөсү толук болушун каалайт. Жекшендин өзгөчө таланты – куюн жетпес, жел жетпес күлүк болот. Ал тушоо тойго катышып, утуп алып, жакшы жашоо башталат деп ойлойт…
Мирлан Абдыкалыков 2004-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктаган. 1990-2001-жылдары атасы Актан Арым Кубаттын тасмаларында (“Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл”) башкы ролдорду ойногон. 2010-жылы өзү “Кумурска карандашы” деген кыскаметраждуу тасма тарткан. 2015-жылы толук кандуу “Улуу Көч” тасмасын тартып, ал эл аралык кинофестивалдарга катышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: