Menu

Садык Шер-Нияз: “Биз кандай азап менен эгемендүүлүккө жеттик, эми бөлүнүп олтурабыз”

Бөлүшүү:

АКШнын Лос-Анжелес шаарында 5-Эл аралык Азия кинофестивалында Кыргызстандын Күнү болуп, “Курманжан датка” тасмасы көрсөтүлдү. Андан кийин режиссер Садык Шер-Нияз көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.

“Эгерде менин Курманжан датка” тасмам “Оскарга” өтүп кеткенде, фестиваль болмок эмес. Ошондо мен эки күн ичип, жанчылып калдым эле, көрсө, ошондо жеңиш болгон экенин бүгүн түшүндүм”, – деп Садык мырза андагы ички туюмун эстеди. Анын айтымында, ошонун арты менен Бүткүл дүйнөлүк азиялык фестивалды уюштуруу чоң жеңиш болгон.

“Эми “Оскарды” кимдер гана алган эмес, миңдеген кишилер татыктуу болгон. Алардын катарына кошулуу – мен үчүн чоң сыймык деле эмес. Баарынан өз элиңе бир нерсе жаратуу – чоң сыймык, ошол өлкөңдө бир өзгөрүү болууга, аң-сезимге таасир бергенине өбөлгө болот. Калыгул, Тилекмат Жылкыайдар, Жеңижок конкурс жеңели деп умтулган эмес да. Алар өз ишин кылып, адамдардын аң-сезимин өзгөртүп келишкен. Мен өзүмдү бул улуу адамдардын катарына кошкум келген жок, болгону эмоцианалдуу, рухий тасмаларды тарткым келет”, – деди Шер-Нияз.

Ошондой эле режиссер кино – фестивалдар үчүн эмес, эл үчүн тартылышы керек экендигин айтты.

“Жеңил-желпи комедияларды көрөсүң да, унутуп коесуң. Ал эми сенин киноңдон кийин, көргөн киши эмне жаман, эмне жакшы экенин билүүгө тийиш. Бала кезде мен көп окуп, көп кино көрдүм, мен Атос, Дартаньян, капитан Блад жана башка каармандардай болгум келчү. Кинонун бир пайызы эле жүрөгүңө тийген болсо, анда бул чоң жетишкендик. “Курманжан датка” аркылуу мен элита кандай болушу, бийлик кандай болушу керек экендигин көрсөткүм келген. Бийликтегилер элди ойлошу керек. Алар үчүн Алымбек даткадай, Курманжан даткадай жанын бергенге даяр болушу кажет”, – деди ал.

“Биз кандай азап менен эгемендүүлүккө жеттик, ал эми азыр – түштүк-түндүккө, мырктар менен интеллигенттерге, шаардыктар менен айылдыктарга жана башкаларга бөлүнүп олтурабыз. Ал эми алдыбызда далай кыйынчылыктар турат… Курманжан датка айткандай: “Бутубузга бекем туруп, бири-бирибизди түшүнүп жашаганда гана өлкөбүз гүлдөп өсөт”, – деп кошумчалады режиссер.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: