Menu

«Манас» эпосу өзбек тилине которулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда, Ош шаарында «Ош шаары – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын жабылуу аземи болот. Аны менен катар ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 37-отуруму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, “Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” катары алгачкы ирет Кыргызстанда жарыяланууда. Мурда бул макамды Түркстандан тышкары Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казань (Татарстан, Орусия) шаарлары алып жүргөн.

Мындай иш-чаранын алдында, кечээ, 29-ноябрда өзбек тилине которулган «Манас» эпосунун бет ачары Ош мамлекеттик университетинде болуп өткөн. Эпос ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан каржыланган. Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев иштеп чыккан «Манас» эпосунун кыскартылган вариантын өзбек тилине Зухриддин Исомиддинов которгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: