Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манас” эпосун Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 10 саат бою үзгүлтүксүз айтууну баштады.
“Манас” айтуу саат 9:43тө башталды.
Эскерте кетсек, Гиннесстин рекорддор китебине кирүү үчүн 10 сааттан ашык үзгүлтүксүз окуяларды баяндоого билдирме берилген.
Буга чейин Сыдыков бул иш-чара эпостун легендасын белгилүү Гиннесстин рекорддор китебине түшүрүү максатында уюштурулгандыгын айткан.
Манасчынын айтымында, Рекорддор китебине кирүү үчүн бир нече шарттарды сактоо керек, алардын бири бийиктиги 5 м болгон боз үйдү орнотуу.
Иш-чара КТРКдан көрсөтүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ