Бүгүн, 29-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 119 учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн бирфингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 51, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 28, Ош облусунан – 10, Талас облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 2, Нарын облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 80 654 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 277 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 75 334кө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 59, Ош шаарынан – 28, Чүй облусунан – 64, Ош облусунан – 31, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 32, Жалал-Абад облусунан – 33, Баткен облусунан – 14, Нарын облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 4: Бишкек шаарынан – 3, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1353кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ