“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге эл аралык аэропорттон тастыкташты.
Бактыбек Сыдыков бүгүн, 9-февралда кызматтан четтетилди. Чечимдин себеби азырынча белгисиз.
Ошондой эле, бүгүн эмгек жамаатына аэропорттун жаңы жетекчи болгон Бакыт Шаршеев тааныштырылды.
Бакыт Шаршеев көп жылдар бою бизнес жаатында иштеген, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ата Журт” партиясынан депутат болгон.
Белгилей кетсек, Бакыт Сыдыков октябрь айындагы окуядан кийин “Манас” эл аралык аэропортунун башчысы болгон, ага чейин “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бакыт Сыдыков белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ