Мэр кызматтан кеткенде, анын милдетин вице-мэрлер аткарышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев белгиледи.
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, мэрдин милдеттери шаардын мэри шайланганга чейин биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Биринчи вице-мэрдин кызмат орду жок болгон учурда, мэрдин милдеттери вице-мэрге берилет деп так көрсөтүлгөн. Андыктан Өкмөт ызы-чууну токтотуп, мыйзам чегинде иш алып баруусу кажет”, – деди эл өкүлү Кенжебек Бокоев
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кеткенден кийин анын ордуна убактылуу жетекчини дайындоо иши коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып келүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ